«Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо системасын түзүү, ооруга чалдыгуунун, майыптуулуктун жана калктын өлүмгө эрте учуроосунун деңгээлин төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- 2013-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо Программасы;
- 2013-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо Программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы.
2. Министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери 2013-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын контролдоону жана аткарууну камсыз кылышсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин Тоо” газетасынын 2013-жылдын 15-ноябрында № 91 жарыяланды
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.