Тамекинин зыяны

Тамеки буюмдарын керектѳѳ 25 ашуун жугушту эмес оорулардын (ЖЭО) ѳнүгүшүнѳ алып келет. Опко-бронх, онкологиялык, журок кан-тамыр (ЖКТО) сыяктуу оорулар, травмалар жана кокустуктар негизги (ЖЭО) калктын ѳлүмүнүн негизги себептерине кирет. Ѳлүмдѳрдүн түзүмүндѳ жүрѳк кан тамыр оорулары жарымынан кѳбүн түзѳт. Бул кѳрсѳткүч, эгерде тамекиге кѳз карандылыкты алдын алуу жана токтотуу боюнча чараларды кѳрбѳсѳк дагы жогорулайт.

Тамеки 7000 жакын бирикмелерди камтыйт, аларды кобу фармакологиялык жактан активдуу, уулуу, мутагендүү жана канцерогендүү болуп саналат.

Никотин алкалоид, тамекиде каматылган негизги зат, ѳтѳ күчтүү уу болуп эсептелет, бангилик таасир тийгизет, тамеки тартканда ал канга кѳк кан тамыр аркылуу берилген банги заттарга караганда 2 эсе тез, алкоголго караганда 3 эсе тез жетет. Тамеки бангилигинин ѳрчүшү, башка бангиликтердей эле окшош стадиялар менен мүнѳздѳлѳт – тамекинин түтүнүнѳ кѳнүүдѳн тартып ошого ашыгып конуп калууга чейин, тамекиге физикалык коз карандылыкка чейин.

Тамекинин жарандардын ден соолугуна берген зыяндуу таасири абдан чон!
Тамекинин кесепетинен 25тен ашык ооруулар пайда болот.

Бул темага арналган маалыматтарды буклеттерден табасыздар:

Тамеки рак оорусунун себеби!

Тамеки миокардтын инфаркт оорусуна алып келет!

Тамеки тартуу мээге кан куюлууга алып келет!

Тамеки бут чиримдин себеби!

Тамеки эркектерди импотенцияга алып келет!

Тамеки эрте карытат!

Тамеки ооз-кондой оорулардын себеби!

Сиздин тамекиниз баланыздын оорулууларынын себеби!

Кош бойлуунун тамеки тартканы болочок наристенин ден соолугуна зыян!

Тамекиге байланган фактылар жана сандар

Тамеки эрте олтyрот! Кезектегиси болуп калба…

Тамекинин ден соолукка берген зыяны канчалык экенин ДССУ жардамы менен чыгарылган “Тамеки тарткан адамдын денеси” деген плакаттан маалымат ала аласыздар