Улуттук тамеки (никотинди) чегүүнү таштоого телефон аркылуу жардам берүү линиясы – 2103

Улуттук тамеки (никотинди) чегүүнү таштоого телефон аркылуу жардам берүү линиясы (УТТЖБЛ) – тамекини (никотинди) чегүүнү таштоону каалагандар үчүн мобилдик операторлорунун телефондору аркылуу акысыз, анонимдүү жардам берүү кызматы.

2103 номери аркылуу (Mega, O! жана Beeline) акысыз, анонимдүү Call-борборуна чалуу менен Сиз маалымат жана квалификациялуу кеңеш аласыз!

УТТЖБЛнын консультанты алгач абонентти сурамжылоо жолу менен (2-3 мүн.) абоненттин тамекиге болгон көз карандылыгынын оордук даражасын,ошондой эле анын тамеки чегүүнү таштоого мотивациясын жана/же даярдыгын аныктайт.

Консультанттын мындан аркы тактикасы тамекиге көз карандылыктын оордугуна жана абоненттин тамекини таштоого даярдыгына жараша болот.

УТТЖБЛнын негизги максаттары:
Тамеки чегүүнү таштагысы келген Call-борбордун абоненттерине маалымат, квалификациялуу консультация жана психологиялык колдоо көрсөтүү (активдүү чалуулар), атап айтканда:

—тамеки чегүүнү таштоого даяр жана тамекини таштоого жогорку мотивациясы бар адамдарга тамекини таштоо боюнча маалымат жана кеңеш берүү;
—тамекини таштоого даяр эмес жана/же чечим кабыл ала элек адамдарга маалымат берүү, даярдоо;
—тамекини таштоо мезгилинде психологиялык колдоо көрсөтүү (3-5 күндөн, 10-12 күндөн жана 30 күндөн кийин реактивдүү чакыруулар);
—тамекини(никотинди) таштагандан кийин 3 айдан 6 айга чейин таштаган адамдарга колдоо көрсөтүү (зарыл учурда);
—жардам линиясы аркылуу кайрылган адамдарга тамекиден баш тартуу процессинде байкоо жүргүзүү жана колдоо көрсөтүү үчүн мониторинг жүргүзүү (12 айдан кийин сурамжылоо).

УТТЖБЛ 2 принцип боюнча иштейт:
1) Келген (Активдүү) чалууларга жооп берүү,
2) 3-5 күндөн, 12-14 күндөн жана 30 күндөн кийин тамекини таштоо мезгилинде (реактивдүү чалуулар) психологиялык колдоо көрсөтүү);

Телефон аркылуу консультация берүүнүн натыйжалуулугу

* оңой, жеткиликтүү,
* купуя (анонимдүү),
* чалган адам үчүн акысыз болгондугу менен камсыз кылынат.

Сүйлөшүү процессинде телефондук жардам кызматынын натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу үчүн абоненттердин пикири изилденет.

Жумуш убактысы

УТТЖБЛ (Колл-борбору) күн сайын иштейт:

— 09:00 дөн 21:00гө чейин — УТТЖБЛ адистеринен акысыз кеңеш аласыз (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары).
— 21:00 дөн 09:00гө чейин жумуш күндөрү, ошондой эле 09:00 дөн 21:00гө чейин дем алыш жана майрам күндөрү — маалыматты автожоопбергич аркылуу алсаныз болот. Автожоопбергич аркылуу маалымат алуу үчүн төмөнкү баскычтарды басыңыз:

1 — баскычы, тамекини таштоо боюнча кеңеш;
2 — баскычы, тамекинин зыяндуулугу боюнча жалпы маалымат;
3 – баскычы, Суу түтүктөрү (кальян, шиша, ж.б.у.с) аркылуу тамеки чегүүнүн зыяны боюнча маалымат;
4 – баскычы, электрондук тамекилердин зыяндуулугу боюнча маалымат;
5 – баскычы, насвайдын зыяндуулугу боюнча маалымат.

Ден-соолукту тандаңыз! Чечим сизден! Биз жардам беребиз!