Улуттук тамеки (никотинди) чегүүнү таштоого телефон аркылуу жардам берүү линиясы – 2103

Улуттук тамеки (никотинди) чегүүнү таштоого телефон аркылуу жардам берүү линиясы (УТТЖБЛ) – тамекини (никотинди) чегүүнү таштоону каалагандар үчүн мобилдик операторлорунун телефондору аркылуу акысыз, анонимдүү жардам берүү кызматы.

УТТЖБЛ (Колл-борбору) күн сайын иштейт:

— 09:00 дөн 21:00гө чейин — УТТЖБЛ адистеринен акысыз кеңеш аласыз (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары).
— 21:00 дөн 09:00гө чейин жумуш күндөрү, ошондой эле 09:00 дөн 21:00гө чейин дем алыш жана майрам күндөрү — маалыматты автожоопбергич аркылуу алсаныз болот. Автожоопбергич аркылуу маалымат алуу үчүн төмөнкү баскычтарды басыңыз:

1 — баскычы, тамекини таштоо боюнча кеңеш;
2 — баскычы, тамекинин зыяндуулугу боюнча жалпы маалымат;
3 – баскычы, Суу түтүктөрү (кальян, шиша, ж.б.у.с) аркылуу тамеки чегүүнүн зыяны боюнча маалымат;
4 – баскычы, электрондук тамекилердин зыяндуулугу боюнча маалымат;
5 – баскычы, насвайдын зыяндуулугу боюнча маалымат.

Тамеки чегүүнү таштоого телефон аркылуу акысыз жардам линиясы Кыргызстандын бардык тургундары үчүн жеткиликтүү!

Тамеки (Никотин) же Ден-соолук? Тандоо сизден! Биз жардам беребиз, кайрылгыла!