Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Токтому, 2013-жылдын 11-ноябры № 597

2013-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо программасы жөнүндө

«Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо системасын түзүү, ооруга чалдыгуунун, майыптуулуктун жана калктын өлүмгө эрте учуроосунун деңгээлин төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

  • 2013-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо Программасы;
  • 2013-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо Программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы.

2. Министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери 2013-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын контролдоону жана аткарууну камсыз кылышсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин Тоо” газетасынын 2013-жылдын 15-ноябрында № 91 жарыяланды

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 597 токтому менен бекитилген