Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому 2009-жылдын 14-апрели № 228

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2009-жылдын 14-апрели № 228

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому
«Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»
жана «Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын:

  • «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;
  • «Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу».

2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
И.Чудинов