Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Токтому 2010-жылдын 2-марты №118

Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагын бекитүү жөнүндө

Соода ишин уюштурууну өркүндөтүү, керектөө рыногун өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн сапаттуу соода кызматтарын жана товарларды сатып алуусундагы укуктарды коргоону камсыз кылуу үчүн шарт түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагы бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 10-июнундагы № 255 “Кыргыз Республикасынын аймагында чекене соода жана соода-өндүрүш ишин жүргүзүү жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 2-февралындагы № 42 “Кыргыз Республикасынын аймагында комиссиялык соода эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 3-мартындагы № 99 “Соода ишин тартипке салуу жөнүндө” токтому;

– “Кыргыз Республикасынын 1990-жылдын 10-июнундагы № 255 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында чекене соода жана соода-өндүрүш ишин жүргүзүү жөнүндө” жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 235 токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 520 “Кыргыз Республикасынын аймагында комиссиялык соода эрежелерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 2-февралындагы № 42 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 17-апрелиндеги № 175 “Кыргыз Республикасынын аймагында эт жана эт азыктарын, сүт азыктарын, маргаринди жана жумурткаларды, нанды жана нан азыктарын чекене сатуунун, коомдук тамак-аш продукциясын өндүрүүнүн жана сатып өткөрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 27-августундагы № 405 “Кыргыз Республикасынын аймагында чекене соода тармагында сатып алынган, азык-түлүк эмес товарларды алмаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 24-январындагы № 26 “Кымбат баалуу металлдардан жана кымбат баалуу таштардан жасалган буюмдарды сатуунун жана кымбат баалуу металлдарды, таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын иштөө эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 5-мартындагы № 128 “Кыргыз Республикасынын аймагында комиссиялык соода эрежелерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 2-февралындагы № 42 токтомуна толуктоолор киргизүү тууралуу” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 6-майындагы № 269 “Кыргыз Республикасында базарларды башкаруунун тартиби, Кыргыз Республикасынын базарларында соода жүргүзүүнүн эрежелери жана Кыргыз Республикасынын аймагында майда чекене соода тармагынын иши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-апрелиндеги № 176 “Кыргыз Республикасында аймагында соода ишин жөнгө салууга тиешелүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 29-майындагы № 315 “Кыргыз Республикасынын аймагында чекене соода жана соода-өндүрүш ишин жүргүзүү жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 10-июнундагы № 255 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 31-январындагы № 47 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уруксат берүү тармагындагы ишкердик жүргүзүүнүн башталышындагы жана соода жүргүзүү укугуна уруксат берүүдөгү каттоо процедураларын жөнөкөйлөтүү маселесине тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 6 жана 8-пункттары;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 27-апрелиндеги № 241 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 6-майындагы № 269 “Кыргыз Республикасында рынокторду башкаруунун тартиби жөнүндө Убактылуу жобону, Кыргыз Республикасынын рынокторунда соода кылуунун эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы майда чекене соода тармагынын ишинин эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-декабрындагы № 838 “Кыргыз Республикасында чекене соода жүргүзүүнү жана соода-өндүрүштүк ишти жөнгө салуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-январындагы № 38 “Кыргыз Республикасында рынокторду башкаруунун тартиби жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын рынокторунда соода кылуунун эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы майда чекене соода тармагынын ишинин эрежелерин бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 6-майындагы № 269 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 15-декабрындагы № 929 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтомунун 2-пункту;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-октябрындагы № 524 “Кыргыз Республикасында рынокторду башкаруу тартиби, Кыргыз Республикасынын рынокторунда соода эрежелери жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы майда дүң соода тармактарынын иштери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 6-майындагы № 269 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 616 “Кыргыз Республикасында алкоголдук продукцияны чекене сатууну иретке салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министри
Д.Үсөнов